Turmush — Чүй облусунун Сокулук районундагы «Алтын балалык» мамлекеттик бала бакчасында чарчап калган 5 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду.
Буга чейин кыздын жакындары милициянын ишине нааразычылык билдирип, социалдык тармактарга маалымат таратышкан. Анда ноябрь айынын аягында чыккан экспертизадан наристе бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап чарчап калганын аныкталганы айтылат. Кыздын апасы анын өлүмүнө тарбиячылардын шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт.
Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган кыздын апасы социалдык тармактарга кыздын өлүмү боюнча маалымат жарыялап, бала бакчанын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине нааразычылык билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024-жылдын 22-октябрында саат 17:23тө Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 2019-жылы туулган А.А.нын жансыз денеси алынып келгени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Ыкчам тергөө тобу ооруканага барып, жагдайлар такталган. 2024-жылдын 22-октябрында саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган А.А. аттуу кыз Сокулук районунун Фрунзе көчөсүндө жайгашкан «Алтын балалык» бала бакчасында тарбиячысы К.А.га үшүп жатканын айтып, кийими менен уктоону суранып, кийими менен уктаган. Болжол менен саат 15:30дан кийин тарбиячы кызды ойноткондо ал эс-учун жоготкон абалда жаткан. Тез жардам чакырылып, кыз ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калганы аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иш козголду. Кылмыш ишти иликтөө үчүн Чүй ОИИБдин жетекчилиги тарабынан «Ыкчам тергөө тобун түзүү» тууралуу буйрук чыгарылды. Ошондой эле иш облустук милициянын жетекчилигинин өзгөчө көзмөлүнө алынды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.