Сокулуктагы үйлөнүү той учурунда мушташ орун алып, бир нече жигит ооруканага жаткырылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБейбаштык кылган жигиттер аныкталып, жыйынтыгында бирөөнү унаа сүзүп, экинчиси кармалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 16-октябрда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан «Ала-Арча» ресторанынын жанында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Тергөө тобу чыкканда 16-октябрь күнү саат 00:30 чамасында Фрунзе көчөсүндөгү «Ала-Арча» ресторанынын жанында бир нече жигит мушташып кеткени аныкталган. Натыйжада 2001-жылы туулган М.К.нын башкаруусундагы «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаа 1999-жылы туулган жаран Б.Б.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу Б.Б. баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээсинин катуу контузиясы диагнозу менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кечээ, 19-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуянын катышуучуларынын өздүгү такталган.

Пример HTML-страницы

Алар 1996-жылы туулган Д.Ч. (Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди), жана 1996-жылы туулган И.Б. (ооруканага жаткырылган, Сокулук райондук күзөт кызматынын кызматкери, коргоого алынган) болуп чыкты. Учурда башка катышуучулар такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин үйлөнүү той өтүп жаткан ресторандын жанында жигиттердин ортосунда уруш чыгып, акырындык менен мушташ жол жээгинде уланганы маалымдалган. Бул учурда 23 жаштагы жигит унаасын айдап баратып, мушташкан эки катышуучуну сүзүп кеткен. Алардын бири эс-учун билбей жатса, атаандашы чуркап келип, аны тепкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️