Сокулукта жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар, жарнама такталары алынып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда Бишкек—Кара—Балта унаа жолунун боюнда салынган мыйзамсыз курулуштар, жарнама такталары алынып жатат. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын аткаруу менен мыйзамдуулукту орнотуу максатында куруу жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу, Сокулук районунда жайгашкан объектилерди иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз деп табылган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында мыйзамсыз деп табылган 10 павильон (жеңил конструкцияларда), 8 көрнөк-жарнак жана 200гө жакын көрнөк-жарнактар демонтаждалган. Мындан сырткары, 10дон ашык объектилердин ээлери бир жуманын ичинде талапка жооп бербеген объектилерди демонтаждоону кепилдеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️