Turmush — Сокулук районунда 24 жаштагы келин көз жаргандан кийин каза тапканы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1999-жылы туулган А.А. аттуу келин күтүлбөгөн жерден каза болгондугу боюнча кабар келип түшкөн.
Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2024-жылдын 7-сентябрында саат 08:20 чамасында Сокулуктагы төрөт үйүнө Гавриловка айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.А. келип түшкөн.
Ал саат 15:40 чамасында уул төрөгөн. Бирок, болжол менен саат 17:45те А.А. өзүн жаман сезип, жандандыруу бөлүмүнө которулуп, саат 21:45те каза болгон.
Материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, оорукананын кызматкерлери менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.