Пример HTML-страницы

Сокулукта турак үй өрттөнүп, ээси асынган абалда табылган. 5 бала менен жалгыз калган эне окуя тууралуу айтып берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Су айылында турак үй толугу менен өрттөнүп, ээси асынган абалда табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жубайы Серигүл Мырзакеримова билдирди.

Окуя 7-июнь күнү болгон. Жабырлануучунун беш баласы бар, улуусу 16 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта.

«Жолдошум экөөбүз тең талаада дыйкандарга жалданып иштечүбүз. Мен ошол күнү талаада жумушта болчумун. Жолдошум үйдө спирт ичимдигин ичкен экен. Балдарыбыз ошол эле айылда эжемдикинде болчу. Бир маалда кошуналар телефон чалып, үй өрттөнүп жатканын кабарлашты. Жолдошум үйдүн артына барып, дубалга шаты жөлөп, ошого асынып алыптыр. Ага чейин кошуналардан ширеңке сураган экен. Ошондой эле шаты көтөрүп, үйдүн артына өткөнүн да көрүшкөн экен. Эмне болуп мындай кырсык басты билбейм. Урушуп, таарынышкан эмеспиз», — деди ал.

Жубайлар үйдү 2019-жылы курушкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сокулук районунун Дача-Су айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:12де Сокулук райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Куткаруучулар үйдүн артынан эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Ал асынган абалда болгон. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE