Пример HTML-страницы

Сокулукта оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, айдоочу каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-июнда Сокулук районунун Манас айылындагы унаа кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдо оор жүк ташуучу «ЗИЛ» үлгүсүндөгү унаа менен «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, 1 жүргүнчү жабыркаган. Куткаруучулар окуя болгон жерге чакыртылып, алар маркумдун кыпчылып калган жансыз сөөгүн унаадан чыгарышты.

Чүй ОИИБдин басма соз кызматы кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE