Пример HTML-страницы

Сокулукта мурунку кыз-жигиттин эртең мененки окуясынан кийин бири камакка алынган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облустук сотунун соттук коллегиясы 2024-жылдын 20-майында уруп-сабап кыйноо боюнча айыпталган жигиттин бөгөт коюу чарасы боюнча келтирилген апелляциялык даттануунун негизинде соттук материалды карап, аныктама кабыл алды.

Нурлан (аты өзгөртүлдү, Б.Н.) 2003-жылы туулган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (эки же андан көп жолу уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен дене боюнча же психикалык жапа чегүүгө алып келген) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Нурлан 2024-жылдын 6-майында саат 07:20 чамасында Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдынан мурун кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Л.З.ны жумушка кетип бара жаткан жеринен тоскон. Андан кийин курткасынын ички чөнтөгүнөн бычак алып чыгып коркуткан. Андан ары белгисиз автоунаага отургузуп, өмүрүнө коркунуч келтирүү менен моралдык жана психикалык жактан зомбулук көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Нурлан тарабынан жабырлануучу Л.З.га карата бир нече жолу зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталып, Сокулук РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, эскертүүлөр берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун 2024-жылдын 8-майындагы токтому менен Нурлан бөгөт коюу чарасы катары 1 айлык мөөнөткө камакка алынган. Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү А.К.нын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган.

Айыпталуучу Нурландын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Ы.К. аталган токтом менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Анда айыпкер Нурланга карата камакка алуу бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандыруу боюнча тергөө судьясынын токтому КР КЖПКнин 114-беренесинин 1-бөлүгүндө (конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш) көрсөтүлгөн талапты одоно бузуу менен кабыл алынганын, токтомго бөгөт коюу чарасын колдонууну негиздей турган (тергөө амалдарын жүргүзүүгө кандай түрдө тоскоолдук кылганы, качып кетүүгө кандай аракет жасагандыгы жана башка кылмыштарды кылышы мумкун экендигинин далилдей турган сыяктуу) эч кандай материал тиркелген эместигин көрсөткөн.

Ошондой эле айыпкердин тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн экендигин тергөөчү да, тергөө судьясы да тактап, токтомдо көрсөткөн эместигин билдирип, Сокулук райондук сотунун тергөө судьясы Т.К.нын 2024-жылдын 8-майындагы айыпкер Нурланга карата бөгөт коюу чарасы камакка алууну тандоо тууралуу токтомун бузуп, бөгөт коюу чарасын үй камагы кылып тандоону сураган.

Прокурор Ш.А. соттук отурумунда биринчи инстанциядагы соттун токтомун өзгөртүүсүз, апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Жыйынтыгында Сокулук райондук сотунун 2024-жылдын 8-майында Нурланга карата чыгарылган токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочу К.Ы.нын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

  • Аныктама токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE