Сокулукта көк бөрү боюнча акимдин кубогу жыйынтыкталды

TurmushКечээ, 20-мартта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданда көк бөрү боюнча акимдин кубогунун финалдык мелдеши өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 2-январь күнү башталган. Финалдык оюн Нооруз майрамына карата уюштурулду.

«Жыйынтыгында 1-орунду Военно-Антоновка айыл өкмөтү, 2-орунду Новопавловка айыл өкмөтү, 3-орунду Биринчи май айыл өкмөтү, 4-орунду Асылбаш айыл өкмөтүнөн келген команда утуп алды. Ошондой эле «Мыкты оюунчу» наамы Бекназар Аматовго, «Мыкты коргоочу» наамы Замир Сулаймановго, «Мыкты чабуулчу» наамы Кенжебек Кубатбековго тапшырпылса, Максат Жумабековдун Чагылган аттуу тулпары «Мыкты ат» аталды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️