Сокулукта генерал-майор Самат Курманкуловдун ата-энесинен кабар алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-ноябрда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги генерал-майор Самат Курманкуловдун ата-энесинен кабар алды.

Ажыгул ата менен Уулбосун апа райондун Шалта айылында жашайт.

Аким Курбанбек Айтибаев Самат Курманкуловдун азыркы абалынан кабар алып, ата-энесине сабырдуулук каалады. Ошондой эле 20 миң сом акчалай жардам берилди.

Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов 2019-жылы 7-августта Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган. Ал ооруканага кома абалында түшүп, 2 жолу операция жасалган. 2019-жылы 19-августта Москва шаарындагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган. 2020-жылы 6-апрелде Бишкек шаарына учуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️