Пример HTML-страницы

Сокулукта Балдарды коргоо күнүнө карата футбол мелдеши уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айыл аймагында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 2012-2013-жылдары туулган балдар арасында футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынын спорт бөлүмүнөн билдиришти.

Мелдешке 6 команда катышты. Крупск айыл аймагынын командасы, Фрунзе айыл аймагынын командасы, Гавриловка, Кызыл-Туу, Ат-Башы айыл аймактарынын жана Шопоков шаарынын командасы күч сынашты.

Жыйынтыгында, 1-орунду Фрунзе айыл аймагынын командасы, 2-орунду Гавриловка айыл аймагынын командасы, 3-орунду Шопоков шаарынан келген жаш футболчулар жеӊишти.

Жеӊүүчүлөр кубок, диплом, медаль, белектер менен сыйланса, көрүүчү жаш балдарга таттуулар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE