Сокулук районунда жаштар жана ардагерлер арасында футбол оюну өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush30-августта Чүй облусунун Сокулук районунда Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата футбол боюнча кубогунун финалдык оюну өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын өтүүчү жаштар жана ардагерлер арасындагы

беттеш Манас айыл аймагына караштуу Фрунзе стадионунда өтүп, мелдешке жалпысынан жаштардан 20 команда жана ардагерлерден 8 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ардагерлер арасында:

1-орунду З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн «Белек» командасы;

Пример HTML-страницы

2-орунду Манас айыл өкмөтүнөн «Фрунзе» командасы;

3-орунду Күнтуу айыл өкмөтүнүн «Кызыл-Туу» командасы ээледи.

Номинациялар боюнча:

Мыкты оюнчу—Сүйүндүков Азамат (Белек);

Мыкты коргоочу—Айсаев Рахим (Фрунзе);

Мыкты чабуулчу—Солеров Бейшенбек (Кызыл-Туу).

Жаштар арасында:

1-орунду Манас айыл өкмөтүнүн «Фрунзе» командасы;

2-орунду З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн «Достук» командасы;

3-орунду Күнтуу айыл өкмөтүнүн «Кызыл-Туу» командасы;

4-орунду Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн «Асылбаш» командасы ээ болду.

Номинациялар боюнча:

Мыкты оюнчу—Мирлан Осмоналиев (Фрунзе);

Мыкты коргоочу—Эрлан Токтоназаров (Дружба);

Мыкты чабуулчу—Эркин Дамиров (Кызыл-Туу);

Мыкты дарбазачы—Уран Кылычбеков (Асылбаш).

Аталган оюнга кыргыз футбол биримдигинен калыстар тобу чакырылган. Бардык жеңүүчүлөр кубок, дипломдор, ар кандай даражадагы медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️