Пример HTML-страницы

Сокулук районунда ат оюндары уюштурулду

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданында ат оюндары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тай чабышка 10 тай, кунан чабышка 12 кунан, аламан жарышка 9 күлүк катышты.

Жыйынтыгында тай чабыш боюнча (3 чакырым) 1-орунга Шалта айылынан келген «Сулуу тору», 2-орунга Күн-Туу айылынан келген «Айтору», 3-орунга Шалта айылынан келген «Күрөӊ кашка» күлүк келди.

Ал эми кунан чабышта (8 чакырым) 1-орунга «Адыш» ат майданынан келген «Ках», 2-орунга «Гүлсары», 3-орунду «Акжол» ат майданынан келген «Козу күрөӊ» кунаны келди.

Аламан жарышта 1-орунга Кара-Балта шаарынан келген «Карагат», 2-орунга Асылбаш айылынан келген «Байрак», 3-орунга Төш-Булак айылынан келген «Дора» аттуу күлүк келди.

Күлүк ээлери акчалай сыйлык, диплом менен сыйланышты.

Ошондой эле, көк бөрү оюнунун финалдык бөлүгү уюштурулуп, анда 1-орунду Военно-Антоновка айылдык командасы, 2-орунду Биринчи май айылдык командасы, 3-орунду Кызыл-Туу айылдык командасы утуп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE