Скрипканын сыйкыр үнүнө арбалган Каухар Тынычбекова ар кандай сынактарда байгелүү орундарды багындырып келет

Каухар Тынычбекова Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Каухар Тынычбекова 7 жашынан скрипкада ойноп, учурда шаардык иш-чараларда аткарып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Каухар Тынычбекова 2012-жылдын 2-декабрдында туулган. Учурда Каракол шаарындагы №6 Жолболду уулу Садыр аке атындагы мектебинде 7-класста билим алат. Скрипкага 7 жашынан баштап билим ала баштаган. Келечекте музыкант болууну кыялданат.

«Мага скрипка сыйкырдай сезилип, андан чыккан чыгармалар жан дүйнөмө жакындай туюлчу. Андыктан бошогон кезде эле скрипка ойногондордун видеосун көрө берчүмүн. Мындан улам апам бул аспапты окуткан музыкалык мектепке алып барды. Алгачкы жолу скрипканы кармаганда абдан толкундандым. Ал менен түркүн күүлөрдү аткарсам деп кыялдандым. Мусина Надира эжей мага бул аспаптын алгачкы арибин үйрөттү десем болот. Мен дагы бул аспапты бат үйрөнүп кеттим. Ошондон ушул кезге чейин эжейим менен дайым аспапта жаңы чыгармаларды черткенди өздөштүрүп келебиз», — дейт ал.

Алгачкы жолу эл алдына 8 жашынан чыккан.

«Музыкалык мектеп ата-энелер үчүн концерттерди уюштуруп келет. Алгач сахнага чыкканда толкунданып, коркуу сезими болду. Кийин эл алдында чыкканга көнүп калдым. Ошондон тарта аткарып жаткан чыгармама сүңгүп кирип, аны чын жүрөгүмдөн аткара баштадым», — дейт ал.

Ошондой эле унутулгус окуялары менен да бөлүштү.

«Маанилүү сынакка даярданып жатканбыз. Бир күн гана калган болчу. Бир убакта скрипкамдын кылы үзүлүп кетти. Биринчи жолу үзүлгөндүктөн абдан коркуп, эми кантип сынакка катышам деп калдым. Аны эжейим бат эле оңдоп койду. Ошондо кылдарын бат эле оңдоп койсо болорун билдим. Апам мага арнап скрипка сатып берген. Анда абдан кубангам. Негизи аспабың абдан сага жакындай туйулуп калат», — дейт ал.

Ал эл аралык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келет.

«Мурда шаардык, облустук сынактарга катышып, анан Бишкек шаарына эл аралык сынакка барганым эсимде. Ал жерден алгач кичине залда, кийин чоң залда ойноп, 3-орунду алгам. Бул менин эл аралык сынактардагы алгачкы ийгилигим болгондуктан абдан кубандым. Учурда эжейим берген чыгармаларды ойноп жана андан башка да эстрада музыкаларын да аткарып машыгам. Интернеттеги музыкаларды скрипкада ойноп, үйрөнөм.

Ошондой эле флейтага жана фортепианого сабактарына барып, бул аспаптарды өздөштүрүп жатам. Ар бир аспап өзүнчө кызыктуу, өзүнүн сыйкыр үнү бар. Биринде кол ойнотсоң, бирин үйлөп чертесиң. Ар биринин угарманы болот», — дейт ал.

Каухар туугандарын өздүк майрамдарында куттуктап скрипкада чыгармаларын аткарып берет. Быйыл бирге окуган курбусу Рамина менен шаардын мэрдин балатысында бөбөктөргө Евгений Доганын «Граммофон» чыгармасын аткарып беришти.

«Белгилүү скрипач жана композитор Никколо Паганинин чыгармалары жагат. Ал дагы скрипкада мыкты ойноп, анын инструменттери бүгүнкү күндө да сакталуу. Ошондой эле ал скрипка менен бирге гитара, мандолина, альт өңдүү аспаптарда ойногон. Ал дагы 6 жашынан баштап скрипкада ойногону, өмүр баяны мени таасирлентет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️