Пример HTML-страницы

Шопоковдун эки мушкери Казакстанда өткөн эл аралык турнирде күмүш жана коло тагынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын спортчулары бокс боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Астана шаарында бокс боюнча СССРдин 3 жолку чемпиону, Европа чемпионатынын жана дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Сеулдагы XXV олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Александр Мирошниченконун жаркын элесине карата 2008-2009-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир болуп өттү.

Турнирде 6 мамлекеттин спортчулары күч сынашып, ага «Шопоков» муниципалдык спорт клубунун спортчулары катышты. Алардын ичинен +80 кг салмак менен Айтбек Бердимуратов 2-орунду ээледи. Ал эми 66 кг салмакта Николай Ильин 3-орунду ээледи.

Турнирге катышуу үчүн кеткен чыгымдар Шопоков шаарынын мэриясынын бюджетинен каржыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE