Пример HTML-страницы

Шопоковдогу каратэчилер эл аралык турнирде алдыңкы орундарды алышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын жаш спортчулары каратэ боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу Шопоков шаардык мэриясынан билдиришти.

Мелдешке 7 өлкөнүн спортчулары катышып, Д.Шопоков атындагы спорт клубунун тарбияланучулары Шопоков шаарынын атынан барышты.

Жыйынтыгында:

Алина Галкина 10-11 жаштагы кадеттер арасында 35 кг салмак категориясында 1-орунду;

Вероника Бутова 10-11 жаштагы курсанттар арасында 40 кг салмак категориясында 2-орунду;

Артем Мамонов 10-11 жаштагы кадеттер арасында 35 кг салмак категориясында 2-орунду;

Канат Жураев 18 жаштан жогоркулар арасында 64 кг салмактык категориясында 2-орунду алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE