Пример HTML-страницы

Шопоковдо жергиликтүү ун менен казак унунун айырмасы 1000 сомду түздү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы тегирменде 1-сорттогу ун 1500 сомдон (50 кг) сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Шопоков шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тегирменге Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан 2 миӊ тонна буудай берилген. Учурда тегирмендин өзүндө 2 миӊ тонна ун бар.

«Ноябрь айына чейин запасыбыз бар. Унду Железнодорожная 21а дарегинде жайгашкан тегирменден алып кетишсе болот», – деп айтылат маалыматта.

Шопоков шаары менен Сокулук районунда жергиликтүү ун 1600 сомдон жогору, ал эми Казакстандан келген ун 2600 сомдон 3000 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Садыковдун маалыматы боюнча, быйыл, 2023-жылы район боюнча 33 миӊ 683 гектар жерге буудай айдалган.

Түшүмдүүлүк орто эсеп менен гектарына 20,1 центнерден айланган. Район боюнча жалпы 67 625 тонна буудай жыйналган. Анын ичинен 5 809 тонна буудайды дыйкандар Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна 23 сомдон тапшырышкан.

«Бирок, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жакшы эмес. Анткени, жаз кеч келип, жайында дароо күн ысып кетти. Антсе да буудай жетиштүү. Кийнки түшүмдү алганга чейин жетиштүү болот. Айыл чарба министрлиги Россиядан алып келген буудайдын үрөнү жакшы болду. Болбосо, өзүбүздүн үрөнүбүз менен бул көрсөткүчкө жетпей калмакпыз», – деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX