Шопоковдо Комуз күнү белгиленип, өзгөчө формада жасалган комуздар көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында комуз күнүнө карата «Тогуз кайрык» аталышында иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көрүүчүлөргө өзгөчө формада жасалган комуздар көрсөтүлдү.

«Комуздарды Жыламыш айылынын 76 жаштагы тургуну Канай Кулматов аттуу кол өнөрчү жасап, алып келген. Андагы биринчи комузду домбура менен комузду айкалыштырып, «Кыргыз-Казак» деп койгон. Экинчи скрипка комуз. Үчүнчүсүн өзү ойлоп таап, өзгөчө формадагы комуз жасаган. Үчөөнүн тең чыккан добушу, күүсү бири-биринен өзгөчөлөнүп турат.

Иш-чарага окуучулар, студенттер көрүүчү катары чакырылып, аларга комуздун жасалышы, келип чыккан тарыхы жана залкар комузчулар тууралуу маалымат берилди.

Сокулук райондук маданият үйүнө караштуу элдик фольклордук тобу келип, улуттук музыкалык аспаптарда ойношту», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️