Шопоков шаарындагы заводдо жарылуу болду. Күбөлөрдүн видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан заводдо жарылуу болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя «Лахор Стил Милс» жоопкерчилиги чектелген коомунун темирди кайра иштетүүчү заводунда болгон.

«Жабыркагандар жок. Бирок абага түтүн тарап жатат. Жалпы беш жарылуу болду», — деди күбөлөр.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жеринде өрт өчүрүү кызматы иштеп жатканын билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Шопоков шаарындагы заводдо меш жарылган. Жабыркагандар жок. Учурда окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп, жарылуунун себеби аныкталып жатат.

Пример HTML-страницы

Аталган компаниядан жабыркагандар жок экенин, жарылуунун себебин аныктоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка карганда, «LAHORE STEEL MILLS» (ЛАХОР СТИЛ МИЛС) жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Икбал Жавед, түзүүчүлөрү — Икбал Жавед, Хуссаин Сарфраз, Маджед Ами (Пакистандын жарандары). Компания 2011-жылдын 27-майында каттоодон, 2011-жылдын 24-октябрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: металлдарды иштетүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️