Шопоков шаарындагы Ынтымак конушуна таза суу киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы Ынтымак конушуна жаңы суу түтүктөр тартылып, таза суу чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоор чет өлкөлүк демөөрчүлөр менен биргеликте ишке ашырылган. Таза суу жалпы 4000 метр аралыктан тартылып, ар бир үйгө киргизилди.

Андан тышкары Геолог жаңы конушунда таза суу маселесин чечүү үчүн жаңы насос орнотулду.

Учурда Ынтымак конушунда 300 түтүн эл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️