Пример HTML-страницы

Шопоков шаарында Ленин блокадасынын катышуучусу Тамара Кустова сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын тургуну, мугалим Тамара Павловна Кустова сыйланды. Бул тууралуу Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов билдирди.

«Ленинград блокадасынан аман калгандардын кыргыз коомунун төрагасы Кутанов Марат Асанбекович жана Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн Хагба Эсма Зурабовна расмий иш сапары менен келип, Тамара Павловнага «Ленинград блокадасында калган тургун» деген төш белгини жана күбөлүгүн тапшырышты», — дейт калаа башчысы.

Тамара Павловна Кустова 1939-жылы 6-апрелде Ленинградда төрөлүп, 1942-жылдын күз мезгилине чейин Ленинград блокадасында болгон. Атасы Павел Сергеевич Кустов 1941-жылы фронтко аттанып, 1942-жылы Ленинграддын жанында дайынсыз жоголгон. Апасы Елена Алексеева Кустова агасынын колунда чоңойгондуктан убактылуу иштеген эмес, бирок көп өтпөй агасы блокадада каза болгон.

1942-жылы күз мезгилинде алар эвакуацияланып, Кыргыз ССРине жөнөтүлгөн. Бул жерден Краснооктябрь атындагы №1 орто мектебине 1-класска барып, 1957-жылы бүтүргөн. Мектепти аяктагандан кийин Новотроицк машина куруучу заводдо иштеп, андан кийин Казакстандагы Петропавловск педагогикалык институтуна химия факультетине тапшырган. 1966-жылы институтту бүтүрүп, ошол жакта калып, өз адистиги боюнча бир канча убакыт иштеп, андан кийин 1969-жылы Кыргыз ССРине көчүп келген. Гаврилов мектебинде үч жыл химия-биология мугалими болуп иштеп, 1973-жылы №1 Краснооктябрь орто мектебине (азыркы Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясы) химия-биология сабагынан мугалим болуп которулуп, азыр да мугалимдик кесипти аркалап келет.

Тамара Павловна Кустова 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE