Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында ишембилик өтүп, 80 түп карагай жана кызыл карагай отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ичинен 50 түбү карагай, 30 түбү кызыл карагай.
Шаарда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн улантып, экологиялык акция өттү. Иш-чарага мэр Адылбек Бекболотов, мэриянын кызматкерлери, жогорку окуу жайдын, кесиптик лицейдин студенттери, окуучулар катышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.