Пример HTML-страницы

Шекердин тургуну А.Тайсариева интернеттен кулпунай өстүрүүнү үйрөнүп, кышында да түшүм алууда

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Шекер айылынын 48 жаштагы тургуну Айгүл Тайсариева кулпунай өстүрүп 1 кг 800 сомго чейин сатып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кулпунай өстүрүп баштаганына быйыл 3 жылдын жүзү болду.

«Чакан эки сезондук күнөсканада кулпунай өстүрөбүз. Туурасы 3,5 метр, узуну 20 метрди түзөт. Кулпунай өстүрүп баштаганыма быйыл 3 жылдын жүзү болду. Учурда кулпунайларды жашартып койдук. Ошондуктан жалбырактары азыраак болуп жатат. Биринчи терип алганыбыз аз эле болот. Андан кийинки экинчи, үчүнчүсүндө түшүмдөр көбөйөт. Кулпунай өзү 3 жолу терилет. Ар биринде 10-15 күн эс алып, кайра гүлдөп бышат. Негизи кабрилло жана Сан Андреас деген эки сорт тиккенбиз. Бирок Сан Андерс сорту күнөсканага туруктуу эмес экен. Бат эле ооруп калат экен.

  • Кабрилло сорту 2009-жылы Калифорния университетинин селекционерлери тарабынан чыгарылган. 6 жыл сындоон кийин 2016-жылы патент алынып, дүйнөлүк рынокко сатыкка чыккан. Бул сорт альбион, Сан Андре жана башка сорттордон өзүнүн түшүмдүүлүгү менен айырмаланат.

Өзүм эч жерде иштебейм, үй кожейкесимин. Үйдө олтуруп эле интернеттен көрүп, клубника өстүрөбүз деп ишке ашырганбыз. Күнөскананын бир жакшы жагы эрте түшүм алабыз. 1 ай эрте түшүм бергендиктен кулпунай быша элегинде биздики дүкөндөргө түшүп калат. Декабрь, январга чейин түшүм бере берет. Өтө чоң жерде болбогондуктан жолдошум экөөбүз эле карайбыз. Муруттарын убагында жулуп турабыз. Эң эле бизге пайдасы эл сатыкка кое электе биздики чыккандыктан 700-800 сом кезинде сатып пайда кылабыз да анан кийин талаага тигилген кулпунайлар сатыкка чыкканда кайра 350 сомдон сатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE