Шамалдуу-Сайда 20 жылдан бери кароосуз калган бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарында 20 жылдан бери кароосуз калган бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу калаа мэри Мирбек Тотонов билдирди.

Анын айтымында, 350 орунга ылайыкташкан «Айгүл» мектепке чейинки билим берүү мекемеси сентябрдан тарта иштеп баштайт.

«Сөз болуп жаткан балдар бакчасынын имараты 1958-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Бирок өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин ар кандай себептерден улам ишмердигин токтоткон. Имарат дээрлик 20 жылдан ашык кароосуз калып кеткен болчу. Быйыл республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, курулуш үчүн тендер жарыяланып, 36 млн 932 миң 159 сомго «Алмаз-Бек» ЖЧКсы капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү. Кечээ атайын жумушчу топ түзүлүп, курулуш менен таанышып чыгып, бир-эки кемчиликтерди айтканбыз. 1 апта мөөнөт бердик, андан соң курулушту кабыл алып, август айынан тарта бакчаны түптөп, балдарды кабыл алып, окуу жылынын башынан ишке кирет», — деди мэр М.Тотонов.

15 миңден ашык калкы бар Шамалдуу-Сай шаарында 5 бала бакчасы бар.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Алмаз-Бек» ЖЧКсы 2020-жылдын 20-октябрында кайра каттоодон өткөн.

Пример HTML-страницы

Анын жетекчиси катары Закиров Бакитбек Жолдошалиевич көрсөтүлгөн.

Ишмердүүлүгү: Башка топторго кирбеген курулуш-монтаждоо жумуштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️