Шайлоо күнү Таласта 400 милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-ноябрда Талас ОИИБде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата саптык кароо өткөрүлдү.

Маалым болгондой, аг президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас облусунун прокурору Мирбек Расулов, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев катышты. Анда милиция, прокуратура, ӨКМ, өрт өчүрүү, энергетика, медицина, байланыш кызматы, элдик кошуундун шайлоого карата даярдыгы текшерилди. Шайлоого тартылган укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын унааларына жана техникаларына кароо жүргүздү. Милиционерлерге шайлоого чейин жана добуш берүү учурунда мыйзам бузууларды болтурбоо жумуштарын күчөтүү тапшырмасы коюлуп, шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди.

Милиция шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылын көзөмөлгө алат. 17-ноябрь күнү Талас облусундагы шайлоо тилкелеринде милиция, ӨКМ, прокуратура, энергетика, байланыш, медицина кызматкерлери кызмат өтөшөт.Шайлоо күнү Талас облусунун аймагында 400гө жакын милиционер, 60тан ашык унаа, 10 документтештирүү тобу иштейт. Башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын техникалары кызмат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️