Съезбек Мыктыбеков Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Съезбек Мыктыбеков дайындалды.

Мыктыбеков Съезбек Арпачиевич 1975-жылы 16-сентябрда Терек айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 1 кыздын атасы.

Ал 1982-1993-жылдары Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде, 2007-2013-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин жаратылыш ресурстарын башкаруу бөлүмүндө билим алган. 2017-2021-жылдары Терек айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.

Буга чейин аталган айыл өкмөттү Алмаз Абдылдаев жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️