Селден жабыркаган Ачы айылынын тургундары даттанышууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылынын 12-көчөсүндөгү сайда тоок жана мышыктын өлүктөрү жана селдин калдыгы тазаланбай жатат. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдирди.

Маалым болгондой, бир нече жолу анда сел калдыктарын тазалап жаткан куткаруучуларга 12-көчөнү тазалаш керектиги айтылган. Бирок дагы деле жыйынтык боло элек.

«Селден кийин Ачы айылынын 12-көчөсү каралбай калды. Андагы кичинекей сайда сел суулары тазаланбай, жада калса толо таштанды жатат. Колубуз менен тазалап коелу десек бири-бирине оролуп, чыкпай жатат. Анан калса тооктун, мышыктын өлүктөрү жатат. Алар курттап кеткен. ӨКМдин куткаруучулары келип, башка көчөдө иштеп жаткан учурда ушул жерди айткам, «Азыр техника бөлүп беребиз» деген боюнча жок. Азыр эми жыттанып кетти», — деди айыл тургуну.

Ачы-7 көчөсүндөгү тургундар үйлөрүндөгү селден кийинки калдыктарды көчөнүн четине төгүшкөн.

Пример HTML-страницы

«Эгер ӨКМ техника берсе коопсуз аймакка төкмөкпүз», — деди алар.

Селден кийин толуп калган каналды тазалоо иштери жүрүп жатат. Каналдын ичиндеги азыраак калдыктарды каналдын четине төгүп коюшкан. Жергиликтүү тургундар аталган калдыктар жыттанып, элге зыяны тийиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Окуя тууралуу:

14-июлда Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын (мурдагы Катта-Талдык) Ачы айылында селден кийин ондогон үйдүн короо-сарайына суу кирип, унаалар зыянга учураган.

Аталган айылдын тургуну Алдияр Акбар уулунун айтымында, үйүнүн алдындагы ашканасын сел алып кеткен.

«Коңшумдун унаасын агызып, 10 метрдей төмөн жылдырып койгон. Оор жүк ташуучу унаа, тракторго зыян келтирилген деп айтып жатышат. Үйүмдүн сыртында курулган ашкананы, үйдү айлантып тоскон зымдарды сел агызып кетти. Үйүмдүн эки жагынан сел агып өтүп, үйгө кирбей калды», — деген ал.

Мындан сырткары айылдын жогорку жагынан өткөн каналдан суу ашып, ондогон үйлөрдүн короосуна, жер төлөлөрүнө кирген. Аны менен катар эле 90 млн сомго жаңы курулуп жаткан мектептин короосуна, ФАПтын короосуна суу кирген.

Учурда жеринде ӨКМдин куткаруучулары селдин калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүп, таза суусуз калган үй-бүлөлөргө суу жеткирип беришкен.

Ачы айылынан түшкөн сел Ош—Алай жолунун 7-чакырымында асфальт жолдун четин талкалап кетти. Андан ары эгин талааны каптап, беде талаасын алып, жүгөрүлөрдү аралап кеткен.

Ошондой эле сел суулары Асан-Чек айылына да жеткен. Ондогон үйлөрдүн короо-сарайларына суу кирген. Айрым үйлөр жараксыз абалга келген.

Өзгөчө крыдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 2024-жылдын 14-июлунда Кара-Суу районунун Мады, Датка жана Баш-Булак айыл аймактарында сел жүрдү. Анын кесепетинен 647 үйдүн коро-жайларын, 9 социалдык объектини (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей жана 1 ФАП) сел каптап, ички чарбалык жолдорду, ички көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

274 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️