Сейрек кездешкен өсүмдүк издеп барып, ажал тапкан 6 адамдын өлүмү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда издөө иштери жыйынтыкталып, 6 адамдын жансыз денеси табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, эки күндүн ичинде, тактап айтканда 18-19-октябрда куткаруучулар алардын сөөгүн Ак-Сай тоосундагы кар көчкүнүн алдынан табышты. Издөө иштерине ӨКМдин тик учагы тартылды. Тик учак 18-октябрь күнү эртең менен Ош шаарынан учуп кеткен.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 14 адам алыскы тоолорго сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, алардын ичинен 8 адам аман-эсен табылып, 6 адам дайынсыз болуп жатканын жазган.

Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 адам Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган.

Изделип жаткан жарандардын экөө 16-октябрда саат 14:00дө Коргон-Сай айылына жакын жерден аман-эсен табылды. Алар: Айгыр-Жал айылынын тургундары — 1989-жылы туулган Н.А. жана 1989-жылы туулган С.Р.

Пример HTML-страницы

Саат 18:55де Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан 6 адам аман-эсен табылган.

Алар:

1. Кайын-Суу айылынын 1986-жылы туулган тургуну Н.Б.;

2. Коргон-Сай айылынын 1995-жылы туулган тургуну Н.Ж.;

3. Башкы-Терек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.Ч.;

4. Кайын-Суу айылынын 2004-жылы туулган тургуну Ж.уулу Б.;

5. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.уулу Э.;

6. Жаңы-Базар айылынын тургуну Ж.уулу М.

Табылган адамдар 14-октябрында болжол менен саат 18:00дө Ак-Сай тоосуна жакын коктулардын биринде кар көчкү жүрүп, 6 адамды жана 16 баш жылкыны кар көчкү басып калганын айтышкан.

Дайынсыз жоголгон жарандар:

1. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну Т.уулу У.;

2. Кайын-Суу айылынын 1984-жылы туулган тургуну О.М.;

3. Башкы-Терек айылынын 1978-жылы туулган тургуну К.К.;

4. Башкы-Терек айылынын 1986-жылы туулган тургуну К.К.;

5. Жаңы-Базар айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.М.;

6. Б.уулу У., Кытайдын жараны.

—————————————————————

Кыргызстанда акыркы жылдары эндик чөбүнүн тамарын казып алуунун алдын алуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүп баштады. Бул өсүмдүк жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн катарын толуктап, Кызыл китепке киргизилген. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери өлкө аймагында аталган өсүмдүктүн тамырын казгандарды кармап жатат.

Эндик — көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт.

Буга чейин Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 «Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Ага ылайык макротомия (Macrotomia DC), арнебия/эндик (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) өсүмдүктөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш, өсүмдүк сырьесун даярдоого жана жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган.

Чогултууга убактылуу тыюу салынган өсүмдүктүн 5 түрү өскөн аймактар:

— Аконит Тянь-Шанда, Памирде, Алтайда жана Приморье крайында өсөт;

— Макротомия Жалал-Абад жана Нарын облустарында өсөт;

— Арнебия (эндик) чөлдө жана аскалуу-шагылдуу жондордо өсөт;

— Ясенец талааларда, бадалдардын арасында, жарык токойлордо өсөт;

— Афлатун пиязы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өсөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️