Пример HTML-страницы

Сатууга коюлган турак үйдөн кара курттардын уясы табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында кара курттар пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

«Токтогул көчөсүн бойлой жайгашкан жеке сектордун жанындагы участокторун көрктөндүрүү жана оңдоо иштерин жүргүздүк. Участоктон да, үйдөн да жөргөмүштөрдүн уясын — кара курттарды таптык. Буга чейин кара курттарды талаадан кезиктиргем. Ошондуктан алардын сырткы көрүнүшүн жакшы билем. Үй сатыкка коюлган, анда эч ким жашабайт, ошондуктан бул жерде кооптуу “ижарачылар” пайда болгон», — дейт шаар тургуну Николай Попков.

«Кыргызстанда уулуу жөргөмүштөрдүн эки түрү бар: кара курт жана түштүк орус тарантуласы. Кара курттардын эң сүйүктүү жери — талаалар, кургак чөлдөр, эрмен баскан тоо этектери. Алар таштардын астында, чөптөрдүн тамырында, курулуш таштандыларында кездешет. Кара курттун бойго жеткен ургаачыларында кызыл жана ак тактар бар, узундугу 2 сантиметрге жетет. Эркектери алда канча кичирээк жана түсү ачык келет. Июль айында ургаачылары уя салып, 700гө чейин жумуртка таштайт. 5-7 күндөн кийин жумурткадан жөргөмүш чыгат. Жазында алар сыртка чыгып, өз алдынча жашоо башташат», — дейт эколог Александр Сосновский.

Кара курттар адамдар жана жаныбарлар үчүн коркунучтуу. Алар адатта коргонуу үчүн чагып алышат. Чагуулар көбүнчө июндан августка чейин болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE