Пример HTML-страницы

Сары-Челек коругунда «Мерседестин» жүргүнчүсү айнектен белине чейин чыгып алган. Айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып пул салды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 2024-жылдын 28-майында Сары-Челек коругунда болгон.

«Аксы районунун 2003-жылы туулган тургуну өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» унаасын Сары-Челек коругунун ичинде башкарып бара жатып, арткы орундукта бара жаткан жүргүнчү унаанын айнегинен белине чейин чыгып алган. Аны унаанын артында бара жаткан башка адамдар видеого тартып алып, социалдык тармактарга жүктөгөн. Анын негизинде Аксы райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү унаанын айдоочусун таап, Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин 1-пунктуна (автоээнбаштык) ылайык админстративдик протокол толтурулуп, 15 миң сом айып пул салынып, унаа айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, майрам күндөрү менен коштолгон апта ичинде, тактап айтканда 25-майдан 1-июнга чейинки аралыкта облус аймагында жол эрежесин бузган 2081 айдоочу аныкталып, протоколдор толтурулду.

Анын ичинен:

— 685 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган;

— 33 айдоочу техникалык паспорт же айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган;

— 67 айдоочу мас абалда унаа башкарган;

— 11 айдоочу унааны карама-каршы тилкеге чыгып айдаган.

Ошондой эле 141 унаа айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE