Саркынды сууларын дарыяга агызган «Супара» этно-комплексине 28 миң сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айыл аймагындагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан «Супара» этно-комплексинин саркынды суусу дарыяга кошулуп жатканын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, айыл эли аталган арыктан суу ичип, колдонушат.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана милиционерлер келишти. Суунун үлгүсүн алып кетишиптир, бирок жыйынтык чыга элек», — дешет тургундар.

Бул боюнча Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Болгонбаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Чуңкурчактагы «Супара» этно-комплексинен чыккан саркынды суу дарыяга агызуу боюнча 12-июлда түнкү саат 00:00 чамасында катталган. 13-июль күнү Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде иш алып барылган. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы тарабынан анализ алынып, бүгүнкү күндө текшерилип жатат. Жыйынтык даяр болгондон кийин мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт» — деди ал.

Пример HTML-страницы

Кийинчерээк Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствонун Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору Аламүдүн районундагы «Супара Чуңкурчак» этнографиялык комплексинде пландан тышкаркы текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Текшерүүгө 12-июль күнү социалдык тармактарга тараган комплекстин ичиндеги булганган суулар агып жаткан видео себеп болгон. Жыйынтыгында фактылар тастыкталды.

«Супара» комплексине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесине (сууларды булгануудан жана таштандыларга толуп бүтөлүүсүнөн коргоо боюнча талаптарды бузуу) ылайык, 28 миң сом айып пул салынган. Учурда айып толугу менен мамлекеттик бюджетке төлөндү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️