Пример HTML-страницы

Сарайдан чыккан кыздын үнү… Кылмыштын үстүнөн чыккан тергөөчү К.Абаскановдун баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКемин РИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Кайрат Абасканов 13 жаштагы кызды сарайга киргизип, зордуктоого аракет кылып жаткан кылмышкерди арам оюн ишке ашырбастан кармап калган. Каарманыбыз мындан башка жездесинин кулагын кесип өлтүргөн кылмышкерди кесиптештери менен чогуу колго түшүргөн.

Кайрат Абасканов 1993-жылы Кемин районуна караштуу Кемин шаарында жарыкка келген. 2000-жылы №1 орто мектебинин босогосун аттап, аны 2011-жылы аяктаган. Андан кийин 2014-жылы ИИМдин академиясына тапшырып, аны 2019-жылы бүтүргөн. Учурда үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

«Келинчегим Нуржан Бейшебаева экөөбүз 4 баланы тарбиялап жатабыз. Улуу балам Арслан 2013-жылы, андан кийинки уулум Алинур 2014-жылы, кызым Наиля 2019-жылы, кичүү уулум Равиль 2021-жылы туулган.

Негизи өзүм бала кезде эле милиция кызматкери болом деп жүрчүмүн. Ошентип бала кездеги кыялым орундалып, 2012-жылы 8-июнда Кемин РИИБдин убактылуу кармоо жайына нөөмөтчү болуп ишке кирдим. Биринчи жолу убактылуу кармоочу жайга киргенде чочулагам. Себеби, бүт жердин баары зым тор. Камераларда адамдар… Ошол менен бир жарым жыл УКЖда иштедим. Андан кийин Кемин РИИБдин камсыздоо бөлүмүнүн улук кызматкери болуп иштедим. Ал жакта бир жылдай иштеп, кайгуул-күзөт кызматына которулдум. Андан ары нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Ошол учурда ИИМдин академиясынын сырттан окуу бөлүмүн аяктап, офицердик курамга алгачкы текшерүүчү болуп дайындалдым. Ал жакта 2 жыл иштеп, Токмок ШИИБдин жоруктар жөнүндө иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалдым. Андан кийин Кемин РИИБдин жоруктар жөнүндү иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жүрүп, жаңы мыйзам киргенине байланыштуу Кемин РИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп дайындалдым. Милициядагы стажым — 12 жыл. Максатым — тергөө кызматынын жетекчиси болгум келет. Хобби — балык улоо жана мергенчилик» — деди ал.

Каарманыбыз кызмат учурундагы эсинде калган оор кылмыштарды айтып берди.

«Кайгуул-күзөт кызматында иштеп жүргөндө жашы жете элек бир кыздын тагдырын сактап, зомбулуктун алдын алып, кылмышкерди кармаган учур эсимен кетпейт. Бир жолу нөөмөт бөлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатат деген чакыруу түштү. Ал чакыруу менен окуя болгон жерге бардык. Бирок үйдө эч ким жок болуп чыкты. Ошол учурда сарай жактан кичинекей кыздын үнү угулду. Түз эле сарайга бардым. Эшиги жабык экен. Эшикти акырын тыңшап баштадым. Шыбыраган үндөрдү угулду. Дароо эшикти катуу ачып жибердим. Ичинде жашы 30-35 чамасындагы киши жана өспүрүм кыз бар экен. Көрсө, ал киши 13 жаштагы кызды алдап, сарайга алып кирип, зордуктоого аракет кылып жатыптыр. Ал жаранды дароо кармап, тергөө бөлүмүнө өткөрүп бердим. Сот аны 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.

2023-жылы Кемин районунда оор кылмыш катталды. Нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде бир киши тоңуп каза болгону боюнча маалымат келип түштү. Бирок маркумдун денесинен ур-тепкинин жана бычактан калган жаракаттар табылган. Кылмыш иши козголуп, тергөөнү баштадык. Кылмышка шектүү катары маркумдун тууганы кармалды. Бирок такыр мойнуна албай койду. Маркум анын жездеси болот экен. Жездесинин кулагы кесилип, ошол кулак түпкө бычак сайылган экен.

Кылмышка шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүп, уктоочу бөлмөсүндөгү керебеттин алдынан бычак таап алдык. Атайын дайындалган экспертизанын жыйынтыгында бычактагы кан өлгөн адамдын каны болуп чыкты. Тинтүү учурунда баңгизат дагы табылган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE