Пример HTML-страницы

Самар Төрөканов Кытайда кымбат тамактар жасалган кара эттүү тоокторду багып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарынын 42 жаштагы тургуну Самар Төрөканов кара эттүү тоокторду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча электрик. Азыр да кесиби менен иштейт.

«Өзүм кичинемден эле тоок бакканга абдан кызыгам. Башында жөнөкөй эле кыргыз тоокторду жумуртка багытында бакчубуз. 6 жылдан бери ар кандай породадагы тоокторду багып жатам. Мисалы, джерси гиганты породасындагы тооктор. Ага чейин брама, московская деген породадагы тоокторду багып келдик.

Балдарымды мээнетке үйрөтүп, аларга дагы жоопкерчилик артып, убакты сааты менен жемин берип, суусун коюп, камкорлукка үйрөтөм деген ниеттемин. Балам экөөбүздүн корообузда эң эле кызыктуу тоок – бул «китайский шелковый» деген тооктор. Алардын эти кара болот. Коноктор келгенде союп берсек, баары тамак жебей койгон күнү болгон. Алгач багып жүргөндө, балдарым жактырбай, «муну кантип жейбиз?» дешкен эле. Өзүмдүн эле бир тууган иним дагы тамакты жебей түртүп койгон.

Негизи бул тооктордун эти Кытайда адбан баалуу болот экен. Алардын кымбат тамактары ушул эттен жасалат. Бул тооктордун каны кочкул кызыл, эти кара, жумшак, керек болсо тилине чейин кара болуп, жүнү кооз болуп, көтөрүлүп турат. Этинде минералдык заттар, витаминдер көп. Азыр балдарым аябай эле сүйүп жешет. Бул тооктордун эң кымбатын 4500 сомго сатканбыз. Ал эми джерси гиганты породасындагы корозду 6 миң сомго саттык», — деди ал.

  • «Китайская шелковистая» породасындагы тооктор Кытайда пайда болгон. Декоративдик порода болуп саналат. Териси кара түстө болот. Эти жумшак жана даамдуу болот. Бул тооктор жумуртканы жакшы баскандыктан аны тоок жөжөлөрүн эле эмес, башка канаттуулардын да жумурткаларын бастырып чыгартууга колдонушат. Пыры койдуку сымал жумшак болгондуктан дүйнөдө бул тоокторду ушул үчүн баккандар да бар.





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE