Садыркул Бейшеналиевдин үй-бүлөсү 10 сотых жерден 150 миң сом пайда берген калемпирди өстүрүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 44 жаштагы тургуну Садыркул Бейшеналиев үй-бүлөсү менен калемпир өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыр калемпирдин 1 кг 27 сомдон сатылып жатат.

«Жыл сайын төө буурчак тигип оокат тапчубуз. Жердин баары арыктап, акыркы жылдарда төө буурчак түшүмүн жакшы бербей калды. Ошондуктан жубайым Эркинбек кызы Элиза былтыр калемпирдин «ласточка» сортунун уругун алып келип, 10 сотых жерге тигип көргөнбүз. 5 тоннадай түшүм алганбыз. Аны сатканда 10 сотых жерден 150 миң сом көргөнбүз. Быйыл дагы кызыгып, былтыркы түшүмдөн урук алып, 20 сотых жерге тиккен элек. Бүгүн түшүм жыйнап отурабыз. Быйылкы түшүм 10 тоннадан ашат деп жатабыз. 1 кг 27 сомдон сатып жатабыз. Булар Россияга экспортко кетет экен.

Негизи Бакай-Ата районунда алгачкылардан болуп калемпир тигип жатабыз десем болот. Буга чейин Манас районунун аба ырайы жылуу болгондуктан ошол жакта гана өсөт деп ойлочубуз. Жубайым балдарым менен өздөрү эле карап, чоңойтуп коюшту. Калемпир парникке тигилип, андан кийин уругу жерге көчүрүлүп келип, бир нече жолу чөбүн чаап турат экенсиң. 6-7 жолу суугардык», — деди ал.

Дыйкан жубайлар 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️