Сааттап тыгын жараткан иштер качан бүтөрү айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Ы.Монуев көчөсүндө 2 деңгээлдүү өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. Аталган көчө шаардагы негизги кире бериш жол болгондуктан, жол жабылып, айдоочулар сааттап жол тыгынында турууга аргасыз болууда. Кечки 18:00дон башталган жол тыгын 2-3 саатка чейин созулууда.

Вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, азыркы учурда негизги оор жумуштар бүттү.

«Шаарыбыздагы болуп жаткан ири долбоорлордун бири — эки деңгээлдүү жолдун курулушу. Баарыбызга белгилүү болгондой бул иштерди жайында баштап ошону менен бирге тургундарга эскертип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганбыз. Бул жолдун курулушу жол тыгын маселесин толугу менен чечип, негизги жол болоорун айтып кеткенбиз.

Азыркы учурда негизги оор жумуштары бүттү. Биз бул жолду утуп алган компаниянын графиги жана талабы боюнча 3 ай мурун тосуп беришибиз керек болчу. Тилеке каршы биз тоскон жокпуз. Себеби бул жол шаарга кире бериш негизги жол болгондуктан унаа жана траспорт каттамдар көп каттайт. Жолдун жарымын жапкан учурда деле куруп жаткан компаниянын техникалары жер казуу учурунда кыйынчылыкка учурап толук кандуу иштей алган эмес. Ошого байланыштуу жолду толугу менен жабууну туура деп чечтик. Жыйын өткөрүп техникалык кеңеште бүт кызматтагылар менен макулдашып жолду жапканбыз. Жол салып жаткан компания 1 айдын ичинде толугу менен бул жумушту аткарып чыгып кетүү жоопкерчилигин алган. Жер астындагы суу түтүктөрү, зымдар, газификациялар толугу менен алмаштырылган.

Ошондой эле жолдун бир бөлүгүнө түркүк дубал курулуп бүтүп, экинчи тарабы калды. Азырынча ушул эле иштер калды. Эгерде жол толугу менен жабылса жерди казып көпүрөнү 1 айдын ичинде даярдап бүтсө анда негизги жолду 2 айга жетпеген убакытта ачканга даярбыз.

Пример HTML-страницы

Шаар тургундарына айтып кетер элем бир аз сабыр кылып туруңуздар. Сиздерге ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бирок ага карабастан сиздерге болушунча шарттарды түзгөнгө аракет кылдык. Шаарга кире бериш тараптан Ы.Монуев көчөсүнүн оң тарабын ачканбыз. Монуев көчөсүнөн Алимжанов көчөсүнө бурулуп шаардын ичине кирип кетсе болот. Ал эми шаардан чыга турган башка жолдорду да ачтык. Ички көчөлөр деп коебуз, бул жол облустук ооруканасынын аркасындагы Мадумаров көчөсү, Увам каналын аралап өтүүчү жолдор бар, ошолорду ачтык.

Айдоочуларга да айтып кетем, тыгындардан бир азга сабыр кылып туруңуздар. Бул жерди 1 айда даярдап туруп, 2 айдын ичинде негизги жолду ачып калган жумуштарды аткарууга даярбыз», — деди Юсупов.

«Т» формасындагы кесилиш жолу да качан ачылары айтылды.

«Шаардан сырткаркы жолордон «Т» формасындагы кесилиш жолу ачылбай туруп калды. Эгер ал жол ачыла турган болсо, көп унаалар ошол жол менен шаарга кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошого байланыштуу «Т» формасындагы кесилиш жолу 10 күндүн ичинде ачылары күтүлүүдө. Бул боюнча облустук жетекчилер менен сүйлөштүк.

Андан сырткары жакынкы Шарк айыл өкмөтүндөгү Турсунбаева көчөсү да ачык. Ошол жол менен дагы айланып кирсе болот. Ошондой «Т» формасындагы жолдон оңго Кара-Суу тарап менен шаарга кирсе болот. Ал эми Ы.Монуев көчөсүнүн иштери толугу менен ушул жылдын аягына же 2025-жылдын башына бүтүп калат», — деди Юсупов.

Буга чейин Ош шаардык мэриясы 25-октябрдан тартып жол жабыларын айткан.

Ы.Монуев көчөсүндө жолду кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыктан бүгүн 25-октябрда саат 23:00дөн баштап аталган көчөнүн А.Масалиев көчөсү кесилишинен Увам көчөсүнө чейинки аралык («Юрфа» медициналык клиникасы) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

————————————————————————

Буга чейин Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы №6 Курманжан датка аймактык муниципалдык башкармалыгынын Монуев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки тилкесин оңдоо, ошондой эле Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине өтмөк курууга тендер жарыялаган.

Тендердин жалпы суммасы 317 млн 886 миң 50 сомду түзгөн.

Тендерге 2 компания катышкан:

— «Мега Транс» ЖЧКсы. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, компаниянын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Жороев Денисбек Зарипбекович көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү: жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча такси кызматы. Компания 2013-жылы 23-июлда каттоодон, 2022-жылы 15-мартта кайра каттоодон өткөн.

— «Гранд Сити» ЖЧКсы. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, компаниянын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Бактыяр уулу Айбек көрсөтүлгөн. ЖЧК 2019-жылы 27-ноябрда каттоодон, 2020-жылы 27-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Аткарылчу жумуштар үчүн 269 млн 79 миң 946 сом сунуштаган «Гранд Сити» компаниясы тендердин жеңүүчүсү болгон.

—————————————————-

Turmush басылмасы 2024-жылдын февраль айынын башында Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адис Мирлан Өмүралиевге шилтеме берүү менен тиешелүү адистер долбоордун аймагына дал келген объект ээлерине өз аракеттери менен бузуу иштери боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, кээ бир объекттердин ээлери өз аракети менен бузуу иштерин баштаганын жазган.

«Алгачкы долбоорго ылайык, бузулууга тийиш делген 13 объект аныкталган. 13 объекттин экөөнүн ээлери өз каражаты менен бузушту. Ал эми бул долбоорго дагы кошумча, алымчалар болот. Азырынча долбоор толук түрдө даярдала элек», — деген Өмүралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️