Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ысык-Көлдө погончон айымдар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-март күнү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Салтанаттуу күнү милиционерлер медициналык кызматтын дарыгерлерин жана медайымдарын, ошондой эле ведомстволук бала бакчанын тарбиячыларын да көңүл сыртында калтырышкан жок.

Облустук милициянын башчысы Орунбай Кочоров куттуктоо сөзүн сүйлөп, жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоп, эркектер менен бирдей кызмат өтөп жаткан айым милиционерлердин эрдигин жана жан аябастыгын өзгөчө белгиледи. Аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кызматында ийгиликтерди каалады.

Майрамдык иш-чарада жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен аял кызматкерлерге ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин сыйлыктары тапшырылды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE