Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ысык-Көлдө окуучу кыз мектебинин жанынан кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-март күнү саат 15:30 чамасында Каракол шаарындагы Кутманалиев менен Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинен мектеп жашындагы кызды унаа сүзүп кетти.

Окуянын күбөлөрү Turmush басылмасына билдиргендей, «Лада 2109» үлгүсүндөгү унаа окуучу кызды сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилди. Аталган даректе Каракол шаарынын №2 мектеп-гимназиясынын экинчи корпусу орун алган.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде иш алып барып жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE