Turmush — Бүгүн, 12-апрелде Кара-Суу районунун Учкун айылындагы мал базарында 250 миң сомго чейин бааланган букалар сатыкка чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мурат аттуу соодагердин айтымында, аталган букалар симменталь продасынан. Бул букалардын салмагы 820 килограммга чейин жетет.
«Букалардын бою 1,75-1,90 сантиметр. Бирөөсү үч жаштан өткөн, бирөөнө үч жаш боло элек. Салмагы 820 килограмм, булар жергиликтүү Савайдын букалары. Эми булардын бою өспөйт, семирет», — деди ал.
Сатуучулар жана сатып алуучулар базарда малдын баалары мурункуга салыштырмалуу төмөндөгөнүн айтышты. Алардын айтымында, малдын аз гана түрүн, породасын көрүүгө болот. Себеби малдын баасы арзандап, көбүн жайлоого айдап кетишкен.
Базардагы баа:
— койлор — 10 миң сомдон 12 миң сомго чейин;
— уйлар — 50 миң сомдон 150 миң сомго чейин;
— букалар — 150 миң сомдон 250 миң сомго чейин;
— бээлер — 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин;
— аттар — 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин.
- Симменталь породасындагы уйлар сүт жана эт берүүнүн оптималдуу айкалышуусу менен айырмаланат. Бул тукумдагы чоң букалар 850 килограммдан 1000 килограммга чейин жетет. Ал эми уйлардын салмагы 550-620 кг болот.