Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ош шаарындагы «Алтын» рестораны күлгө айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 26-июнда кечинде Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафе-ресторанынан өрт чыкты.

Өрттүн жалпы аянты 1100 чарчы метрди түздү. Өрттөн каза болгондор жана жабыркагандар жок. Тилсиз жоо саат 01:00дө, тактап айтканда 8 саттан кийин толугу менен өчүрүлдү.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы Замирбек Мурзатовдун айтымында, курулуш материалдары тез күйүп, көпкө чейин өрттөнүп, кыйынчылык жаратты. Ошондой эле өрт кафеге жанаша жайгашкан эки үйгө жайылып, үчүнчү үйдүн чатырына жеткен.

Аталган кафенин ээси Шерзод Закиров Turmush басылмасына окуя тууралуу айтып берди.

«Кечээ кафе жабылган, тандыр же очоккана иштеген жок. Мисалы, биз тамакты бышырууга отун, көмүр колдонбойбуз, жаратылыш газын пайдаланабыз. Кечээ жаратылыш газы берилген жок, нан бышыруучу жай да иштеген жок. Өзүм кечээ тойдо болчумун. Кафеде кароолчулардан башка эч ким болгон эмес. Кароолчунун айтымында, саат 16:00-17:00дүн ортосунда электр жарыгы өчүрүлгөн. Күзөтчү короонун аркасына, электр калкандары турган аймакка жөнөгөн. Ал меште төшөк турганын көргөн. Ага өрт жайылган. Кошуналар менен дубалыбыз бир. Күзөтчү төшөктү алганда желимди өрт каптап жатканын көргөн. Бизде күйүп кете тургандай эч нерсе болгон эмес. Ооба, ал жерде тандыр, казандар бар болчу. Бирок ал жерде эч ким иштеген эмес», — деди Закиров.

Анын айтымында, кафе саат 24:00гө чейин иштейт. Өрт кырсык катталардан бир күн мурун кардарларды кабыл алган. Кийинки күнү электр жабдууларын, газ жабдууларын, жарыктандырууну өчүрүшкөн.

«Албетте, азыр ким күнөөлүү экенин айта албайбыз. Аны ыйгарым укуктуу органдар аныктайт. Бирок биз тараптан күнөө кеткен жок. Кафенин 100 пайызы өрттөндү. Өрт тууралуу укканда саат 17:15те окуя болгон жерге келдим. Келсем, баары күйүп, өрт кошуна жайгашкан үйлөргө жайылып жатыптыр. Биз баарын, анын ичинде кошуналардын үйүн өчүрүүгө аракет кылып жаттык. Сыртка чыксак, кафени толугу менен өрт каптаптыр. Шамал үйлөп, жалын 3-кабатка жайылган», — деди кафенин ээси.

«Алтын» кафеси 2 жыл мурун ачылган. Инвестициянын суммасы дээрлик 1,5 млн долларды түзөт. Имаратты 45 мүнөттүн ичинде өрт каптаган.

Кафеге жанаша жайгашкан үйдүн ээси эки күн мурун Россияга кеткен. Ал үйү өрттөнгөнүн угуп, Кыргызстанга келген. Үйүндө жубайы, кызы 3 баласы менен жашап жаткан. Окуя болгон учурда жубайы тойдо, кызы 3 баласы менен ооруканада болгон.

Өрттө жабыркаган үйлөрдүн ээлери документтерин алып чыгууга жетишкен. Ошондой эле короодогу унааны сыртка түртүп чыгарышкан. Үйдөгү алтын жасалгаларга зыян келтирилген эмес. Ошондой эле сыналгыны эшикке алып чыгышкан, бирок ал жоголуп кеткен. Үй ээлери ал уурдалган болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышат.

Кошуна жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары «Алтын» кафеси курулуп баштаганда каршы чыкканын айтышты. Алар ошол учурда эле курулушка макулдук берген документке эч ким кол койбогонун белгилешти.

Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу нормаларына ылайык, бир имараттан бир имаратка өрт жайылбашы үчүн үйлөрдүн ортосундагы минималдуу аралык отко чыдамдуулугуна жараша 6 метрден кем болбошу керек.

Бул талаптар бузулган учурда курулуш өрт чыкканда өрттү жайылтуучу зонага кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE