Turmush — Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ак-Түз айылы 1938-жылы түптөлгөн. Айыл аймагы райондун борборунан 45 чакырым, облустун борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы бир айылдан туруп, анын аянты 95,6 гектарга барат. Жалпы калктын саны 2021-жылы 827 киши деп катталган. Анын ичинен 62 пайызы эмгекке жарактуу адамдар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктүгү чектелген 26 адам катталган. Жѳлөк пул алгандар 1, жакыр үй-бүлѳлѳр 14тү түзөт.
Аймакта бир орто мектеп, бир бала бакча бар.
«Ак-Түз деп аталып калышынын себебин айтсак, биздин жердин топурагы ак чопо келет. Тузу көп. Ошол себептен Ак-Туз деп коюлган. Бирок эмнегедир кийин «у» тамгасынын ордуна «ү» коюлуп, Ак-Түз болуп калды.
Бул аймак илгери жайлоо болчу. Орустун геологдору келип, чалгындоо кылганда, биздин аймакта уран-коргошун чыккан экен. Ошентип бул кен байлык чыккан аймакка айыл түптөлгөн. Ага чейин чечендер келип, топурактан кичинекей үйлөрдү салышкан экен. 1938-жылы айыл жаӊы түптөлүп келе жатканда, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ар бир алтынчы октун коргошуну (кыты) бизден чыккан экен. Ошону менен 1991-жылга чейин Ак-Түз айылы бай жашап, өзүн-өзү каржылай алган.
Бизде маданият үйүбүз жок. Анын имараты 1994-жылы өрттөнүп кеткен. ФАП, китепкана болсо айыл өкмөттүн имаратынын ичинде жайгашкан. Айыл өкмөт мурунку бала бакча болчу. Ал бала бакчада мен дагы чоӊойгом.
Айылыбыздын өзгөчөлүгү — жаратылышы абдан кооз. Ошону менен сыймыктанабыз», — деди айыл өкмөт башчы Анвар Турдубеков.
Ири мүйүздүү мал 270 баш, майда мал-жандык 967 баш, жылкы 144 баш, үй канаттууларынын саны 270. Айылдын аймагында 5 соода түйүнү ачылган.
2021-жылдын 11-апрелинде айылдык кеңешке 11 депутаттан турган жаңы курам шайланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.