Сүрөт — Баткенде карыяларга сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

Turmush1-октябрь — Карыялардын эл аралык күнүнө карата Баткен шаарында майрамдык иш-чара өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, ага Баткен облусунун аймагынан чакырылган ардактуу эс алуудагы карыялар,президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.

Жаныбек Исаков өз сөзүндө улуу муундун өкүлдөрүн камкордукка алуу, өлкөбүздүн маанилүү багыты болуп саналарын айтып, мамлекет улгайган жарандарыбыздын пенсиясын жогорулатуу менен кошо бир катар социалдык жеңилдиктерди түзүү үстүндө иш алып барып жатканын, бүгүндөн тарта пенсия дагы жогорулаганын белгиледи.

Карыяларга бул күнү сый тамак берилип, майрамдык концерт тартууланды.

Ушул тапта облустун бардык аймактарында карылар күнүнө карата иш-чаралар уюштурулуп, сый урмат көрсөтүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Социалдык фондунан билдиришкендей, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болуп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️