Пример HTML-страницы

Сүлүктүдөгү тургун мыйзамсыз сактап жүргөн куралын милицияга тапшырды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарындагы тургун мыйзамсыз сактап жүргөн куралын өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-29-июнь күндөрү «Арсенал» иш-чарасы өткөрүлүүдө. Иш-чарада милиция кызматкерлери каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу заттарды сактоочу кампаларды текшерип жатат. Ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу, укук бузууларга жол бербөө максатында топторго бөлүнүп, иш алып барууда.

Үч күндүк иш-чарада Укук бузуулар кодексинин негизинде 4 протокол түзүлүп, 12 миң сом айып салынды. Ал эми бир жаран мыйзамсыз сактап жүргөн куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE