Сүлүктүдөгү сайдан 43 жаштагы адамдын денеси табылды

TurmushБүгүн, 15-апрелде Сүлүктү шаарындагы сайдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга шаардын Тыттуу тоо тилкесиндеги сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз адамдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Такталган маалыматка караганда, маркум киши Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын 1979-жылы туулган К.Н.Б. экендиги такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️