Сүлүктүдөгү рейдде дүкөн ээсине 7500 сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарында рейддин алкагында дүкөн ээсине 7500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери шаардагы азык-түлүк саткан дүкөндөргө пландык жана рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүү учурунда санитардык нормаларды одоно бузган жеке ишкерлерге айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Азык-түлүк саткан бир дүкөндүн ээсине 7500 сом айып пул салынса, эт саткан жайдын ээсине 1000 сом айып пул салынды.

Мындан сырткары, ар бир дүкөн ээлерине жарандардын ден соолугуна кам көрүү, жугуштуу ооруларды, тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️