Пример HTML-страницы

Сүлүктүдө кармалган 28 жаштагы спикер камактан чыгарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСүлүктү шаардык кеңешинин спикери камактан чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-июнда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, кармалган М.К. эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен үйүнө чыгарылды.

Буга чейин 12-июнда Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы М.К. кармалганы белгилүү болгон. Кылмыш иш ал Сүлүктү шаарындагы «Тазасууканал» муниципалдык ишканасында жетекчи болуп тургандагы иштерине байланыштуу экени айтылган.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде Сүлүктү шаарындагы «Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси — 28 жаштагы К.М. кармалганын билдирген. Мамлекетти жалпы 161 259 сом зыян келтирилгени маалымдалган. Кылмышка шектүү К.М. убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Кутбидинов Мырзаулук Абдухалилович 2024-жылдын февраль айында Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал шаардык кеңешке «Ата-Журт — Кыргызстан» (№17) партиясынан келген. Тизмеде 2021-жылдын 10-январынан тарта «Сүлүктү Тазалык» муниципалдык ишканасында механик болуп иштегени көрсөтүлгөн.

Ал 1995-жылы 22-июлда туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE