Сүлүктү шаарындагы бала бакча 5 млн сомго оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарындагы «Наристе» бала бакчасы капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул долбоор Баткен облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, 5 млн сом акча бөлүнгөн. Тендерди жеңген «Мега-Нур и Ко» ЖЧКсы тарабынан эскилиги жеткен эшик-терезелер алмаштырылды. Уктоо бөлмөлөрү оптимизацияланып, 2024-2025-окуу жылында кошумча 4 тайпа ачылууда.

Мындан сырткары, каржы министрлигинин колдоосу менен кызматкерлердин катарына кошумча штаттар бөлүнгөн. 150 орундуу бала бакча 1-октябрдан тарта 280 баланы кабыл алууга даяр.

Юстиция министрлигинин маалыматы:

Общество с ограниченной ответственностью «Мега-Нур и Ко» ЖЧКсы 2020-жылы 24-июнда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү Абдибаитов Бактыбек Авазбекович. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️