Пример HTML-страницы

Сүйүмкан Сатыбалдиева буйрутма алып, гүл чырактарды жасап сатууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районуна караштуу Достук айылынын 21 жаштагы Сүйүмкан Сатыбалдиева түнкү чырактарды жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ага өлкөнүн ар облусунунан буйрутмалар түшүп турат. Учурда жогоркуу окуу жайда окуп жатам.

«Мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем мектепте мугалим болуп эмгектенет. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн.

Ар бир адамдын кызыгып жасаган хоббиси болот эмеспи. Ал эми менин хоббим — колдо ар кандай материалдардан гүл жасоо. Буга чейин кагаздан гүлдөрдүн түрүн жасап баштагам. Анан кызыгуу күчөгөн сайын башка материалдардан да жасап көрүүнү чечтим. Анан эле изолон деген материал менен «светильник» гүлдөрдү жасап баштадым.

Мектепте окуп жүргөндө 2019-жылдан баштап гүл жасап баштагам. Алгач гүл жасоомо апам себепкер болгон. Ошентип акырындан үйрөнүп, гүлдүн башкача түрлөрүн өздөштүрдүм. Азыркы учурда «светильник» роза гүлдөрүн жасап келемин. Ар кандай өлчөмдө түрдүү түстөрү менен гүлдүн да түрлөрү менен. Алардын баалары 1200 сомдон жогору. Чоң розалар 2000 сомдон жогору. Мага бардык эле облустардан буйрутмалар түшүп турат.

Изолон гүлүн жасоону бир тааныш эжекеден көрүп калгам. Аны интернеттен изилдеп көрүп, атайын гүл жасоочу курстарды карап, ютубдан көрүп эле үйрөнүп кеттим. Башында гүл жасап баштаганда тааныштарым, туугандар көрүп кызыгып, буйрутмаларды бере баштаган. Андан кийин, социалдык тармак аркылуу да гүлдөрдү чыгарып баштадым. Кардарлар да ошол тармактардан көбөйүп, буйрутмаларды беришет. Учурдун талабына ылайык социалдык тармак аркылуу да өзүңдүн өндүргөн продукцияңды жарыялап, кичи бизнесинди өздөштүрүп алсаң болот. Мен да бул тармактан бир аз да болсо билим алып, бизнес баштап кеттим», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE