Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылынын 65 жаштагы тургуну Мирбек Үсөнов 7 жылдан бери иштөөдөн чыккан аскердик техникаларды чогултуу менен алек.
Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маекте анын коллекциясында 2,5 тонналык АН-2 учагы бар экенин билдирди. Салмагы 2,5 тоннаны түзгөн учак 60 жыл мурда чыгарылган. Бул көп максаттуу учак өз убагында дүйнөнүн 26 өлкөсүнө сатылып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Ал жаш муундарды, мектеп окуучуларын патриоттук духта тарбиялоо үчүн практикалык сабактарды өткөрүү максатында аскердик техникаларды чогултуу идеясын көтөргөн. Куралдуу күчтөрдүн ардагери иштен чыккан техникаларды сактап, окуучуларга аскерге чейинки даярдоо сабагын өтүп келет.
Анын короосунда жөө аскерлердин согуштук машинасы (БТР), бронетранспортер (БТР) жана ал тургай замбирек да бар. Ал жабдуулардын сырткы абалын такай көзөмөлдөп, ар жылы сырдап, тазалап турат.
Бул техникаларды кеминде дагы жарым кылым сактоого болорун айтат. Мирбек Үсөнов кесиби боюнча учкуч, анын жеке автоунаалары, катерлери бар.
АН-2 көп максаттуу учагы эң узун сериялык өндүрүш боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси. Ал Гиннестин рекорддор китебине 60 жылдан ашык убакыттан бери чыгарылып келе жаткан дүйнөдөгү жалгыз учак катары катталган.
АН-2 — Антоновдун фирмасы тарабынан иштелип чыккан биринчи модель. Конструктор бул учактын концепциясын ал жарала электе эле сунуштаган, бирок бийлик аны эскирген деп четке каккан. Кийинчерээк бул учак классикалык, ал турсун эл чарбасы үчүн керек экени билинди.
АН-2 учагы биринчи жолу 1947-жылы 31-августта учкан.
Бул кыймылдаткыч күйүүчү май катары B-91/115 авиациялык бензинди керектейт, бирок «92» менен да уча алат. Керектөө — саатына 200 литр.
Учактын крейсердик ылдамдыгы 180 км/саат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.