Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ак-Талаада билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы чыгарылып, бир катар мугалимдер жана тарбиячылар сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 26-май күнү «Мугалим — коомдун күзүгүсү» аталышындагы билим берүү тармагынын кызматкерлерине арналган салтанаттуу иш-чара белгиленди. Ага тиешелүү жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакча жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө, «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Муну менен катар «Санарип мугалим» аталышындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө эс алуу жолдомолору, алдыңкы мугалимдерге демөөрчүлөр тарабынан стипендиялар, баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, айрым мугалимдерге жана тарбиячыларга Билим берүү жана илим министрлигинин, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, облустук усулдук билим берүү борборунун, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин сыйлыктары жана баалуу белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE