Сүрөт — Ак-Сууда 12 млн сомго «Манасчылар» эс алуу багы курулат

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Теплоключенка айылында «Манасчылар» эс алуу багын куруу иштери башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, эс алуу багы 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилет.

«Эс алуу багы Теплоключенка айылынын кире беришинин оң жагында орун алат. Бүгүн буюрса иш башталып жатат. Долбоордо жети дубанды камтыган 7 боз үй бар. Ал музей катары да иш алып барат. Муну менен катар амфитеатр да болот. Анда майрамдык чоң иш-чаралар өтөт. Ичи жасалгаланып, жарыктандыруу каралган», — дейт Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Турар Ишенбеков.

«Манасчылар» эс алуу багы 2014-жылы негизделип баштаганын Бакытбек Ыбыкеев айтып өттү.

«Мен райондук токой чарбасында иштеп жүргөндө ушул жерди көрктөндүрүү боюнча иш баштаган элек. Максатыбыз туура чыгып, мынтип заманбап жасалгаланып турат. Бул жерде ийне жалбырактуу бактардын 13 түрү бар. Анын ичинен сейрек кездешчү Дугласова пихта карагайы да бар. Биз бул тоо бетине балатылар менен “Манас” деп жазганбыз. Кышында жакшы окулат. Балатылар да чоңоюп калды. Баштаган иш ийгиликтүү болсун», — дейт ардагер.

Пример HTML-страницы

Курулуш иштерине Кыдыр аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен 7 млн, райондук фонддон 12 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️