Сүлүктү шаарында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

TurmushСүлүктү шаарында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Баткен ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, милиция тарабынан Тажикстандын Расулов районунун 1975-жылы туулган тургуну С.Н. Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жатканы аныкталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал Сүлүктү шаарына Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп киргени такталды. Бул факт Сүлүктү ШИИБде Кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️